Юстмин жана СДУИ инклюзивдик билим берүү менен жаштар саясатын реформалоо чараларын иштеп чыгууну сунуштады
Бүгүн, 23-июнда, инклюзивдик билим берүү жана жаштар саясатын жаңылоо маселелерине арналган иш-чара өттү. Аны КР Юстиция министрлиги менен КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту уюштурду.
Талкууга профилдик министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдар жана жарандык коом катышты.
Бул жыйын өзгөчө билим берүү муктаждыктары (ОБМ) бар балдардын кызыкчылыктарына адилеттүү жана туруктуу чечимдерди коомчулуктун күчөгөн суроосуна жооп катары уюштурулду.
Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы абал боюнча төмөнкү маалыматты берди: Кыргызстандагы 2 394 мектепте 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат, алардын ичинен 29 728 бала ден соолугу чектелген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 18 жашка чейинки ден соолугу чектелген балдардын жалпы саны 37637, алардын болжол менен 79,3% гана расмий билим алат. Ал эми болжол менен 7700 бала административдик, инфраструктуралык жана медициналык чектөөлөрдөн улам билим берүү системасынан тышкары калган.
Юстиция министри, СДУИнин директору — Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов белгилегендей, эскирген жана дискриминациялык ыкмаларды таштап, борбордо система эмес, бала турган, так жана көрүнүктүү реформаларга өтүүнүн убагы келди.
Талкууда бюрократиялык тоскоолдуктар жана балдардын билим алуу укугун чектеп жаткан психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялардын (ПМПК) натыйжасыздыгы сыяктуу системалуу көйгөйлөр айтылды.
Талкууга коюлган негизги сунуштар:
- инклюзивдик мамиле жана жеке траекторияларды эске алган билим берүү стандарттарын адаптациялоо;
- ПМПКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу нормативдик базаны кайра карап чыгуу;
- ОБМ бар балдардын электрондук реестрине киргизүү жана мекемелер аралык маалымат алмашууну өнүктүрүү;
- ден соолугу чың балдарды адистештирилген бала бакчаларга кабыл алууну чектөө;
- инклюзивдик практикаларды жүзөгө ашырып жаткан жеке уюмдарды колдоонун механизмдерин иштеп чыгуу;
- жаштардын саясаты боюнча мамлекеттик органдардын кайталанып жаткан функцияларын жоюу.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча сунуштардан түзүлгөн жол картасы даярдалып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого жөнөтүлөт.
