Сюзана Уметова, “Мисс Кыргызстан – 2025” титулунун ээси: “Эл аралык сынакта өзүмдү гана эмес, өлкөмдү да татыктуу көрсөтүшүм керек”
Сулуулук сынагы – сырткы сулуулукту гана эмес, акыл-парасатты, талантты, кайраттуулукту жана мекенге болгон сүйүүнү да сынаган чоң аянтча. «Мисс Кыргызстан – 2025» титулунун ээси Сюзана Уметова өлкөбүздүн атынан дүйнөлүк сулуулар сынагына катышуу алдында турат. Аны менен эл аралык сынакка көрүп жаткан даярдыктары, кыял-максаттары жана сахна артындагы түйшүктөрү тууралуу баарлаштык.
– Сюзана, окурмандарга өзүңдү кыскача тааныштырып өтсөң.
– Менин аты-жөнүм Сюзана Уметова. 2005-жылдын 7-октябрында төрөлгөм. Тогуз-Торо районундагы Атай айылынан болом.
Мектепти кызыл аттестат менен аяктап, учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4-курсунда билим алып жатам. Кесибим – география сабагы боюнча педагог. Келечекте өз кесибимдин мыкты адиси болууну максат кылам.
– «Мисс Кыргызстан» сынагына катышуу чечими кандайча пайда болду эле?
– Мен «Мисс Кыргызстан» сынагын 2017-жылдан бери көрүп, ошол убактан тартып бул сынакка кызыгып келем. 2024-жылдан баштап өзүмдү сынакка даярдап, тажрыйба топтоп, кийинки жылы катышууну чечтим. Бул чечим мен үчүн күтүүсүз болгон жок, анткени көп жылдан бери бул сынакка кызыгып, бир күнү өзүм да катышсам деген кыялым бар болчу.
– Сынактагы эң бактылуу жана эң оор учур кайсы болду?
– Мен үчүн сынактын өзү, негизинен, жеңил эле өттү. Анткени алдын ала жакшы даярданып, өзүмө ишенип баргам. Бирок толкундануулар сынак аяктаганга чейин мага тынчтык берген жок десем болот.
Ал эми эң бактылуу учур, албетте, жеңүүчү аталып, таажы кийгизилген көз ирмем болду. Ошол учурда бардык толкунданууларым унутулуп, көптөн берки эмгегимдин жыйынтыгын сезгендей болдум.
– Бул титул сага кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачты?
– Бул титул мага эң чоң мүмкүнчүлүктөрдүн бири болгон «Miss International» сынагына Кыргызстандын атынан катышууга жол ачты. Сынак Япониянын Токио шаарында өтөт. Негизги иш-чаралар ноябрь айынын 20сынан кийин башталат, бирок мен Японияга 11-ноябрда учуп кетем. Сынакка чейин эртерээк барып, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге даярдык көрүп, ар кандай иш-чараларга катышабыз. Бул мен үчүн жаңы тажрыйба топтоп, ар кайсы өлкөдөн келген кыздар менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк болот.
– Эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытуу сиз үчүн чоң жоопкерчиликпи же сыймыкпы?
– Бул мен үчүн албетте, чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Эмитен эле абдан толкунданып жатам. Анткени бул жерде мен өзүмдү гана эмес, өлкөмдү да татыктуу көрсөтүшүм керек.
– Даярдыктар кандай болуп жатат?
– Даярдыктар жакшы, буюрса. Учурда сынакка кийе турган образдарым даярдалып жатат. Өзгөчө улуттук кийимиме чоң маани берип жатам. Көйнөгүмдө кыргыз элинин байыркы салтын чагылдырган оймо-чиймелер колдонулат. Ошондой эле анда Кыргызстандын ажайып тоолору да сүрөттөлөт.
– Сулуулуктан тышкары, сени башкалардан айырмалап турган сапатың кайсы?
– Сынакта биринчи кезекте өзүмдүн ички күчүмө жана өжөрлүгүмө ишенем. Кандай гана кыйынчылык болбосун, алдыма койгон максатыма жетүүгө аракет кылам. Албетте, бул сулуулук сынагы болгондуктан, келбетиме да ишенем. Бирок мен үчүн сулуулук сырткы келбет менен гана чектелбейт. Адамдын ички дүйнөсү, өзүнө болгон ишеними жана максатка умтулуусу да абдан маанилүү.
– Япониядан башкы таажы менен кайтып келгениңди элестетип көрдүң беле? Жеңиш тууралуу кыялдарың кандай?
– Аны ар бир катышуучу кыялданып жатса керек. Мен да Япониядан таажы менен кайтып келгенимди элестетип коём (күлүп). Бирок азыр мен өзүмдү жеңишке да, кандай жыйынтык болбосун кабыл алууга да даярдап жатам. Мен үчүн эң негизгиси, сынакта өзүмдү татыктуу көрсөтүп, Кыргызстанды жогорку деңгээлде таанытуу. Эгер дүйнөлүк сынакта Toп-10дун тизмесине кирсем, бул мен үчүн да, кыргыз элим үчүн да чоң жеңиш болот деп ойлойм.
– Күнүмдүк жашоодо өзүңө кандай кам көрөсүң? Сулуулук жана ички гармония үчүн кандай адаттарды карманасың?
– Күнүмдүк жашоодо келбетиме туура кам көрүүгө аракет кылам. Спорт менен машыгып, туура тамактанууга көңүл бурам. Менин оюмча, сулуулукка кам көрүү бир гана сырткы келбет менен чектелбейт. Ошондуктан күн сайын өзүмдү жаңы жана пайдалуу маалыматтар менен толуктоого аракет кылам. Бош убактымда китеп окуйм, билимдүү жана кызыктуу адамдардын подкасттарын көрөм. Ал эми бир нерсе менен алек болуп жүргөндө аудиокитеп укканды жакшы көрөм. Мен үчүн өзүңө кам көрүү деген денени гана эмес, акыл-эсти жана ички дүйнөнү да өнүктүрүү.
– Бул жолдо сага ким көбүрөөк колдоо көрсөтүп, күч берип келет?
– Мени эң көп колдоп, күч берип келе жаткан адамдар – албетте үй-бүлөм. Алар ар дайым жанымда болуп, кандай гана учурда болбосун колдоо көрсөтүп турушат. Менин ар бир ийгилигимде алардын эмгеги жана ишеними чоң.
– Келечекте сулуулук индустриясында иштөөнү уланткың келеби же башка максаттарың барбы?
– Дүйнөлүк сынакка катышып келгенден кийин бул тармактагы жолумду жыйынтыктоону пландап жатам. Алдыда өзүмдүн жеке ишимди ачып, ошол багытта өнүгүүгө жана жаңы максаттарымды ишке ашырууга көңүл бургум келет.
