Депутат Исманали Жороев Сүлүктү шаарындагы бир катар социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты
25 август

Депутат Исманали Жороев Сүлүктү шаарындагы бир катар социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы бир катар социалдык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.

Тагыраагы эл өкүлү балдардын реабилитациялык борборуна барып, калыбына келтирүү процедураларын жүргүзүүгө арналган атайын машыгуучу жабдууну тапшырды. Муну менен катар имараттын учурдагы абалын көрүп чыгып, мурда кургак учукка каршы күрөшүү мекемеси болуп келген бул жайды мындан ары пайдалануу жана техникалык абалын жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Мындан тышкары шаардагы көп балалуу энелер менен жолугушкан депутат Исманали Жороев аларга мамлекеттик сыйлыктардын бири – «Эне даңкы» медалдарын тапшырды. Ошондой эле энелерге материалдык жардамдар берилип, эмгек ардагери Валентина Ткачевага, Сүлүктү шахта башкармалыгында, шаардык соода тармагында жана автобазада эмгектенген башка ардагерлерге даректүү колдоолор көрсөтүлдү.

Иш сапардын алкагында эл өкүлү Сумбула айыл аймагындагы Көк-Таш айылына да барып, Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле үч аскер кызматкерине Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттар тапшырылып, мамлекеттик чек ара тилкесин бекемдөө жана жабдуу үчүн керектүү материалдар берилди.