Кыргызстандын 34 текстиль ишканасы Польшадагы көргөзмөдө продукциясын сунуштады
Сүрөт: Кыргыз Экспорт
25 август

Кыргызстандын 34 текстиль ишканасы Польшадагы көргөзмөдө продукциясын сунуштады

Польшанын Лодзь шаарында текстиль жана тигүү өнөр жайынын өкүлдөрүн, өндүрүүчүлөрдү, бренддерди жана кийим рыногунун адистерин бириктирген Trend Expo & Sourcing Expo 2026 эл аралык кесиптик көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөгө Кыргызстандан 34 текстиль ишканасы катышып, ата мекендик тигүү жана текстиль продукцияларын сунуштоодо.

Иш-чара 25-27-август күндөрү өтүп, түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана жаңы өнөктөштөрдү табууга багытталган B2B аянтча катары кызмат кылууда.

Көргөзмөгө дистрибьюторлор, импорттоочулар, дүң сатып алуучулар, дүкөндөрдүн жана бренддердин ээлери, сатып алуулар боюнча адистер жана sourcing-менеджерлер, ошондой эле онлайн соода жана маркетплейстердин өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстандык ишканалардын катышуусун Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору Кыргызстандын Тигүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте уюштурду.

Ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн көргөзмөгө катышуу продукциясын чет өлкөлүк сатып алуучуларга жана дистрибьюторлорго тааныштырып, жаңы өнөктөштөрдү табууга жана «Made in Kyrgyzstan» продукциясынын экспортунун географиясын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Кыргыз Экспорт» борбору ата мекендик компанияларга продукциясын эл аралык рыноктордо илгерилетүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү табууга мындан ары да көмөк көрсөтөрүн белгиледи.