сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
25 август
Бишкек мэриясы иштебей турган 106 унааны аукционго чыгарды, алардын баасы 4,2 миң сомдон башталат
Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
Аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 2026-жылдын 24-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт.
Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү зарыл. Арыздар 2026-жылдын 18-сентябрына чейин Чүй проспекти, 168 дареги боюнча кабыл алынат.
Аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
- тандалган лоттун номерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арыз;
- өздүгүн тастыктаган документ;
- кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм документи.
- кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.
