сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
25 август
Кыргызстанга жашоо үчүн келгендер кеткендерге караганда дээрлик 10 эсе көп
Кыргызстанга 2026-жылдын январь–июнь айларында туруктуу жашоо үчүн 6 миң 995 адам келген, ал эми 740 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
Ошентип, өлкөгө келгендердин саны чыгып кеткендерге караганда дээрлик 10 эсе көп болгон.
Тышкы миграциянын оң сальдосу 6 миң 255 адамды түздү.
2025-жылдын ушул эле мезгилинде Кыргызстанга 8 миң 99 адам келген, ал эми 1 миң 351 адам чыгып кеткен. Анда миграциялык өсүш 6 миң 748 адамды түзгөн.
Улуттук статистика комитети белгилегендей, өткөн жылга салыштырмалуу тышкы миграциянын интенсивдүүлүгү төмөндөгөн.
Тактап айтканда, 10 миң калкка эсептегенде өлкөгө келгендердин саны 11,1ден 9,4кө, ал эми чыгып кеткендердин саны 1,8ден 1,0ге чейин кыскарган.
