сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
25 август
Күн сайын Кыргызстанда 40тан ашык нике бузулат
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында 7 миң 359 ажырашуу катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
Бул күнүнө орточо эсеп менен 40тан ашык ажырашуу катталганын билдирет.
2025-жылдын ушул эле мезгилинде өлкөдө 6 миң 606 ажырашуу катталган. Ошентип, ажырашуулардын саны 753кө көбөйгөн.
Ажырашуулардын коэффициенти 1 миң адамга 1,8ден 2,0ге чейин өскөн.
Ошол эле учурда катталган никелердин саны да көбөйгөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын январь–июнь айларында 18 миң 978 нике катталса, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 20 миң 470ге жеткен.
Никелешүүнүн коэффициенти 1 миң адамга 5,2ден 5,6га чейин жогорулаган.
