Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жаңы имаратка көчтү
25 август

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жаңы имаратка көчтү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жаңы административдик имаратка көчкөнүн маалымдайт.

2026-жылдын 24-августунан тартып Билим берүү департаменти өз ишмердүүлүгүн жаңы даректе — Чүй проспектиси, 168 дарегинде жүргүзөт.

Жарандардан жана уюмдардан департаментке кайрылууда жана кат-кабарларды жөнөтүүдө жаңы даректи эске алууну өтүнөбүз.