Кыргызстанда мектептерде 2 миңден ашуун бош орун бар
Кыргызстанда мектептерде 2 миңден ашуун бош орун бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Депутат Венера Раимбачаева Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнө суроо узатты:
«2 миңден ашуун орун болсо, анда эмнеге ата-энелер орун таппай бизге кайрылып жатышат? Албетте, ар бир ата-эне жакшы мектепте баласын окуткусу келет, ал жакта күчтүү мугалимдер иштешет. Эмнеге бардык мектептерге күчтүү мугалимдерди тартпайсыңар? Эгерде билим берүү сапаты, мугалимдердин деңгээли бардык мектепте бирдей болсо, орун жок деген көйгөй жаралбайт болчу», – деди ал.
Ошондой эле, депутат айрым кызматтарда колдонулуп жаткан ротация практикасын эмнеге билим берүү системасы караштырбаганына кызыкты.
«Күчтүү, тажрыйбалуу мугалимдерди эмнеге алыскы аймактарга жибербейсиңер? Ал жакка барып андагы мугалимдерге насаатчы болуп, өзүнүн билгендерин үйрөтсө жаманбы? Ушул сунушту эске алып койсоңор», – деди Раимбачаева.
