Улуттук банк 100 миң сомдон ашкан онлайн-кредиттер боюнча «муздатуу мөөнөтүн» 12 саатка кыскартты
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Улуттук банк 100 миң сомдон ашкан онлайн-кредиттер боюнча «муздатуу мөөнөтүн» 12 саатка кыскартты

Кыргызстандын Улуттук банкы аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттер боюнча «муздатуу мөөнөтүнүн» убактысын өзгөрттү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банктын башкармалыгынын 2026-жылдын 22-октябрындагы токтомуна ылайык, 50 миң сом 1 тыйындан 100 миң сомго чейинки онлайн-кредиттер үчүн күтүү мөөнөтү төрт саат болуп белгиленди.

Ал эми 100 миң сом 1 тыйындан ашкан кредиттер үчүн «муздатуу мөөнөтү» 12 саатты түзөт.

Мындай мөөнөттөр кардардын бир банктан акыркы жети календардык күндүн ичинде аралыктан тейлөө каналдары аркылуу алган кредиттеринин жалпы суммасы тиешелүү чекке жеткен учурда да колдонулат. Мында жаңы алынуучу кредиттин суммасы да эсепке алынат.

Эгерде кредиттин суммасы же акыркы жети күндөгү жалпы карыз 100 миң сом 1 тыйындан ашса, банк кардарга кошумча көзөмөл чалуусун жүргүзүп, кредит алууга макулдугун ырастоого тийиш.

Ушундай эле «муздатуу мөөнөтү» микрофинансылык уюмдарга да киргизилет.

Буга чейин 50 миң сомдон 100 миң сомго чейинки аралыктан берилүүчү кредиттер үчүн күтүү мөөнөтү алты саат, ал эми 100 миң сомдон ашкан кредиттер үчүн 24 саат болчу.

Токтомдун негизги бөлүгү 2026-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.