Кыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалды
26 октябрь

Кыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалды

Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев акыркы 2 жылда Кыргызстанда органдарды алмаштыруу боюнча канча операция жасалганын айтып берди.

Ал маалымдагандай, жалпысынан 116 бөйрөк жана 11 боор алмаштыруу боюнча операциялар жасалган.

Бөйрөк алмаштыруунун 89у Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда, 19у Кыргы-Түрк Достук ооруканасында жасалса, дагы 8 операция Ош мамлекеттик университетинин клиникасында өткөрүлгөн.

Ал эми боор алмаштыруу боюнча Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 7 операция, Кыргыз-Түрк Достук ооруканасында – 2 жана Улуттук хирургия борборунда 2 операция жасалган.

Ошондой эле Букуевдин айтымында, бул операциялар үчүн 2024-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 20 миллион сом, 2025-жылы 26 миллион сом бөлүнгөн. Биринчиси операцияга керектүү жабдуулар үчүн болсо, экинчиси бөйрөктү алмаштыруу системасын жакшыртуу үчүн.

Кыргыз-Түрк ооруканасына 2025-жылы Жогорку технологиялуу медициналык жардам фондунан 3 миллион 960 миң сом бөлүнгөн. Бул бөйрөк алмаштырууга муктаж 6 бейтаптын операциясына колдонулган.

Андан тышкары Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна 20 бөйрөк алмаштыруу операция үчүн ушул жылы 12 миллион 200 миң сом которуу каралган.

2026-жылы органдарды алмаштыруу үчүн 64 миллион сом каралып, анын 21 миллион 622 миң сому кошумча медициналык жабдууларды алууга багытталган.

“Кыргызстанда 1 528 бейтап органдарды алмаштыруу операциясынан өткөн, алардын 880и бөйрөгүн алмаштырса, 648и боорун алмаштырган”, – деди Букуев.