Мурдагы саламаттык сактоо министр Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылды
Кыргызстандын мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылды.
Бул тууралуу бир катар ЖМКлар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна шилтеме берүү менен жазышты.
Маалыматка ылайык, бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө чечим 22-октябрда кабыл алынган. Үй камагы 2026-жылдын 9-ноябрына чейин белгиленген.
Эске салсак, Каныбек Досмамбетов 9-октябрда УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов менен бирге кармалган.
ЖМКлардын маалыматына караганда, кылмыш иши болжолдуу коррупциялык фактыларга байланыштуу. Тергөө иштери ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын текшерип жатканы кабарланган.
Буга чейин Башкы прокуратура Досмамбетов баштыктан акча алып чыгып, аны жабырлануучуга кайтарып берип жатканын чагылдырган видеону жарыялаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, видеодо Каныбек Досмамбетов көрсөтүлгөн.
Каныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министрлигин жетектегенге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
