Кыргызстанда токойлордо жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөргө өзгөчө көңүл бурулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 октябрь

Кыргызстанда токойлордо жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөргө өзгөчө көңүл бурулат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө токойлорду коргоо жана сактоо, токой чарбасынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, токой ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана көчөт материалдарын даярдоонун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Министр токой чарбанын көчөтканасынын иши менен жеринен таанышып, жабык тамыр системасы менен өстүрүлүп жаткан көчөттөрдүн абалына көңүл бурду. Бул ыкма көчөттөрдүн жерге отургузулгандан кийинки өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана токойлорду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

Авлетим токой чарбасы — аймактын жаратылыш байлыгын сактоодо маанилүү орунду ээлеген чарбалардын бири. 1948-жылы уюшулган токой чарбасынын жалпы аянты 51 517,6 гектарды түзөт. Анын токой менен капталган аянты 23 188,7 гектарды түзүп, анын курамында 1 447 гектар жаңгак токою жана 249,3 гектар мисте токою бар.

Иш сапардын жыйынтыгында токойлорду коргоо жана сактоо, сапаттуу көчөттөрдү даярдоо, жабык тамыр системасы менен өстүрүлгөн көчөттөрдүн көлөмүн жана түрлөрүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.