
Кыргызстандык студент кыздар эл аралык олимпиадада жеңүүчү болушту
Кыргызстандык студент кыздар финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада жеңүүчү болушту, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.
Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин магистратура программасынын II курсунун студенти Сезим Кубанычбекова Финансылык коопсуздук боюнча IV эл аралык олимпиадада “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча I орунду жана КРСУнун экономика факультетинин IV курсунун студенти Айназик Мамаева “Экономика” багыты боюнча женүүчү болушту.
Алар I даражадагы диплом менен сыйланышты.
Олимпиада 30-сентябрдан 4-октябрга чейин Россиянын “Сириус” федералдык аймагында өткөрүлдү.
Финалга 36 өлкөдөн 600гө жакын катышуучу чыгып, анын ичинен 166 окуучу жана студент жеңүүчү аталып, байгелүү орундарга ээ болду.
Олимпиаданын жабылыш аземинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн орун басары Дмитрий Чернышенко катышуучуларды “Өз өлкөлөрүнүн каржылык эгемендиги үчүн күрөшүүнү жана бардык мамлекеттер дос болууну каалаган эң кесипкөй, таланттуу, максаттуу жигиттер” деп мүнөздөдү.