Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарындагы эл аралык математикалык олимпиадада быйыл алгачкы алтын медалын жеңип алды
17 сентябрь

Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарындагы эл аралык математикалык олимпиадада быйыл алгачкы алтын медалын жеңип алды

Алтын медалды Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип келди.

Ошондой эле бул жылы математика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу алтын, 3 күмүш жана 2 мактоо баракчасына ээ болуп, командалык эсепте 122 упай менен 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Буга чейин команданын эң жогорку  көрсөткүчү 2003-жылы 49-орун болгон.

Эл аралык математикалык олимпиадага Кыргыз Республикасынын командалары 1993-жылы катыша баштаган. Бул жылдар аралыгында олимпиадага 176 кыргызстандык окуучу катышкан, анын ичинен 13ү кыздар.

Кыргыз Республикасынын курама  командасынын олимпиададагы алгачкы мактоо баракчасын 1994-жылы Нургүл Укуева алса, 2000-жылы биринчи коло медалды Мурат Абдувалиев, 2010-жылы биринчи күмүш медалды Азамат Аскаров алган.

Жалпысынан 30 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын командалары бир алтын, 4 күмүш, 12 коло жана 57 мактоо грамотасын жеңген.