Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты
16 сентябрь

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Төлөбек Абдырахманов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобонун 36-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович берген жеке арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. 

Садыр Жапаровдун башка тескемесине ылайык, Догдурбек Чонтоев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык Чонтоев Догдурбек Токтосартович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.