Билим берүү министри тоо илимий борборлорунун иши менен таанышты
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборуна, Кыргыз-Кытай “Тоо экосистемалары” илимий-изилдөө стационарына барды.борборуна, Кыргыз-Кытай “Тоо экосистемалары” илимий-изилдөө стационарына барды.
Ведомстонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министр борбордун ишмердүүлүгүнүн багыттары, жаш адистерди даярдоосу менен таанышты.
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалар жана гидроэнергетика институтунун директору Рысбек Сатылганов гляциологиялык жана гидрометеорологиялык мониторинг тармагы тууралуу айтып берди.
Догдуркүл Кендирбаева Ага-Хан өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал жана Борбордук Азия университетинин ректору Кристофер Герри менен эл аралык илимий кызматташтыкты талкуулады.