
Кыргыз-Россия славян университетинин жетекчилиги кызматынан бошотулду
Кыргыз-Россия славян университетинин жетекчилиги кызматынан бошотулду. Мындай маалымат окуу жайдын расмий сайтында жайгаштырылган.
Билдирүүдө айтылгандай, Маалымдалгандай, былтыр Кыргыз-Россия славян университетинде (КРСУ) жаңы башкаруу тобу дайындалып, анын алдында университетти трансформациялоо жана аны алдыңкы окуу жайлардын катарына кайтаруу милдети коюлганы.
Бир жыл ичинде билим берүү программаларын өркүндөтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. Окутуу курстары эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташтырылып, инновациялык билим берүү долбоорлору ишке киргизилип, университеттин материалдык-техникалык базасы бир топ жаңыланды.
Жакынкы убакта өкмөттөр аралык макулдашуунун жоболоруна ылайык, Россия тарап университеттин жаңы жетекчилигин дайындайт.