Талас шаарында миң окуучуга ылайыкталган кыргыз-россия мектеби курулат
4 август

Талас шаарында миң окуучуга ылайыкталган кыргыз-россия мектеби курулат

Талас шаарында миң окуучуга ылайыкталган кыргыз-россия мектеби курулат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Билим берүү уясынын аянты 3 гектар болуп, 600 орундуу жыйындар залы, спорттук комплекс жана эки бассейн менен жабдылат.

Ошондой эле билим берүү мекемеси керектүү заманбап эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалат.

Мектептин курулушу боюнча 2-августта Талас шаарында эки тараптуу жолугушуу болду. Ага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты. 

Жумушчу топту КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Көчөрбаев жана тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери тосуп алышты.