Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы — Роза Айтматова дүйнө салды
Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы — Роза Айтматова дүйнө салды. Ал 89 жашта болчу. Кабарды маркумдун туугандары тастыкташты.
Роза Айтматова 1937-жылы Москва шаарында 8-мартта жарык дүйнөгө келген. Коомдук ишмер, окумуштуу, публицист, Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө салымын кошкон инсан.
