Депутат жыл аягына чейин Ак-Батадагы бала бакчаны ачып, автобус каттамын уюштурууну талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков Бишкектин Ак-Бата конушундагы бала бакчаны жыл аягына чейин ачып, автобус каттамын уюштурууну талап кылды.
Депутат парламенттин жыйынында Свердлов районунун тургундары мурда анын коомдук кабылдамасына кайрылган бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү.
Анын айтымында, Ак-Бата конушундагы мурдагы №43 мектептин имаратын бала бакчага айландыруу пландалууда. Ал иштерди тездетип, керектүү каражатты бөлүп, заманбап бала бакчаны 2026-жылдын аягына чейин ачууну өтүндү.
Ошондой эле Ак-Бата, Нуркожо жана Адилет конуштарындагы канализация маселесин чечүү үчүн канализациялык насостук станциянын курулушун муниципалитеттин планына киргизүүнү тездетүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, депутат №16 мектептин жана Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин аймагында автобус каттамын уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Анын маалыматына караганда, учурда окуучулар жана жергиликтүү тургундар 1,5–2 чакырымга чейин жөө басууга аргасыз.
Салымбеков «Красный строитель» жана «Кожзавод» конуштарындагы эс алуу жайларынын абалына да көңүл буруп, аларды көрктөндүрүүгө каражат бөлүүнү сунуштады.
Депутат тургундардын кайрылууларын ишке ашыруу үчүн тиешелүү аткаруу органдарына протоколдук тапшырмаларды берүүнү өтүндү.
