
Кыргызстандык окуучулар биринчи жолу «Дос үчүн китеп» Эл аралык долбоорунда катышты
2024-жылдын 25-декабрында Уралдын борборунда Бишкектеги «Эпсилон» мектебинин орто класстарынын окуучуларынын китептерин жана каттарын уралдык теңтуштарына өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара РФнын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн жана «Дидактика» коомдук фондунун көмөгү менен уюштурулду.
Акциянын алкагында Бишкек шаарындагы мектептин 4, 5, 6-класстарынын окуучулары улуттук колориттеги китептерди, атап айтканда кыргыздын «Манас» эпосу, элдик жомоктору, дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын тандап, ар бир китепке өздөрү жана кызыкчылыктары жөнүндө баяндаган каттарды салып жөнөтүштү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов, Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министринин орун басары Людмила Берг, № 9 мектеп-гимназиянын директору Лариса Кулкова, № 35 мектеп-гимназиясынын директорунун орун басары Елена Ахунова, Свердлов облусунун Жаштар саясаты бөлүмүнүн патриоттук долбоорлор жана программалар бөлүмүнүн башчысы Мария Геворгян, ошондой эле онлайн форматта Кыргызстандан «Эпсилон» мектебинин директорунун орун басары Мухаббат Огонбаева катышты.
Куттуктоо сөзүндө Башкы консул «Кыргызстан Россия Федерациясы менен, анын ичинде муниципалитеттердин ортосунда билим берүү жана жаштар тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Октябрда Свердлов облусунун губернаторунун программасынын алкагында окуу китептер жана спорттук инвентарлар Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы № 1 Карбышев Дмитрий Михайлович атындагы мектепке жеткирилип берилди. Бул долбоор Кыргызстандын аймагында Свердлов облусунун Өкмөтү тарабынан ишке ашырылган төртүнчү долбоор болду».
Жаңы жылдын алдында Екатеринбург шаарындагы мектеп окуучулары белектерге сүйүнүшүп, Бишкекке кайра кат жөнөтүүнү пландаштырышты.
Маалымат үчүн: Буга чейин Свердлов облусунун мектеп окуучулары Монголиядан, Тажикстандан, Өзбекстандан курбулары менен китеп, кат алмашышкан.