Талас мамлекеттик университетине 5 кабаттуу жаңы кампус курулат
Президенттин тапшырмасы менен Талас мамлекеттик университетинин эски имараты буздурулуп, жаңы 5 кабаттуу кампус курулат. Бул тууралуу облус башчысы Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымына караганда, курулуш иштери ушул жылы башталат. Учурда жаңы салына турган имараттын долбоору даярдалууда.
"Жаңы кампус бардык окуу-куралдар менен жабдылат. Жаштар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Аймактын билим берүү деңгээли да жогорулайт. Убакыт өзгөрөт, дүйнө жаңыланат. Ал эми билим — ар дайым адамды бийиктикке жетелеген күч. Эми болсо ошол талаптарга жооп берген, келечек муунга кызмат кыла турган жаңы окуу жайы курулат. Талас билим менен бийиктейт”, - деди Эрмат Жумаев.
Талас мамлекеттик университети — Талас облусундагы жогорку билим берүүчү алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат. Бул университет облус тургундарына жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет.
Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Ошентип, университеттин билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.
