Тагжана Айдаралиева: Мектеп үчүн профилдик билим берүү деген эмне?
Билим берүү жана илим министрлигинин медиа-консультанты Тагжана Айдаралиева “Караван-Инфо” редакциясына 12 жылдык билим берүүдөгү атайын билим берүү кандай болоорун айтып берди.
- Бул - буга чейин окуучулар кыялданып келген нерсе. Мектептин жогорку: 10-11-12-класстарында окуучулар келечек кесибине керектүү негизги предметтерди тандай алышат.
Балдар тандап алган предметин терең үйрөнүп, жогорку окуу жайларына тапшырууга жакшы даярданышат.