Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды телефон аркылуу жасалган кеңири жайылган көп баскычтуу алдамчылык схемасы тууралуу эскертти.
Алгач кылмышкерлер WhatsApp аркылуу чалып, өздөрүн уюлдук оператордун кызматкерлери катары тааныштырышат. Байланыш кызматтары боюнча келишимди узартуу шылтоосу менен алар жабырлануучуга SMS аркылуу мурда жөнөтүлгөн төрт цифраны айтууну суранышат.
Улуттук банк бул код тузак катары колдонулуп, алдамчылык схемасын улантуу үчүн керек экенин белгиледи.
Андан кийин адамга «Түндүк» порталынын кызматкерлери катары чалган адамдар байланышат. Алар аккаунт бузулганын, жеке маалыматтар сыртка чыгып кеткенин жана буга чейин берилген код алдамчылардын колуна түшкөнүн билдиришет.
Жаңы аккаунт түзүү шылтоосу менен кылмышкерлер жеке маалыматтарды, кирешелер тууралуу маалыматтарды, банк эсептерин, депозиттерди, мүлктү жана башка баалуулуктарды сурашат.
Кийинки этапта сүйлөшүүгө Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын жалган кызматкерлери кошулат. Алар «атайын операция» жүрүп жатканын айтып, жакындары менен байланышууга тыюу салышат жана жабырлануучунун атына насыя расмий түрдө даярдалып жатканын ишендиришет.
Андан кийин алдамчылар коркутуу жолу менен топтолгон каражаттарды «коопсуз эсепке» которууну, насыя алууну же мүлктү сатууну талап кылышат. Алар адамды кылмыш жоопкерчилиги, акчасын жоготуу же туугандарына карата коркутуулар менен үркүтүшү мүмкүн.
Улуттук банк банктардын жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери акчаны «коопсуз эсептерге» которууну талап кылбай турганын жана телефон аркылуу жашыруун коддорду же жеке маалыматтарды сурабай турганын эскертет.
Шектүү чалуу болгон учурда сүйлөшүүнү дароо токтотуп, банк менен расмий номери аркылуу өз алдынча байланышып, болгон окуя тууралуу жакындарыңызга айтып берүү керек. Эгер акча которулуп кеткен болсо, картаны тез арада бөгөттөп, милицияга кайрылуу зарыл.
