Токтогул ГЭСин куруу үчүн компенсацияны 358 млн сомго чейин көбөйтүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин депутаттары Болотбек Борбиев жана Марлен Маматалиев Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын куруудан келтирилген зыян үчүн жылдык компенсацияны 70 миллион сомдон 358 миллион сомго чейин көбөйтүүнү сунушташууда.
Тиешелүү мыйзым долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгенин авторлору азыркы төлөмдүн суммасы он жыл мурун белгиленгенин жана ал инфляциянын деңгээлине, курулуш чыгымдарына же Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарындагы Жазыкечүү айылынын чыныгы муктаждыктарына дал келбей калганын белгилешет.
Маалым болгондой, Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулушунун натыйжасында 33 миң гектар айыл чарба багытындагы жерлер, анын ичинде 13,4 миң гектар сугат айдоо аянттары суу астында калган. Чарбалык, өндүрүштүк жана башка объекттерди эсепке албаганда, 4 миңден ашык турак жайы бар 26 калктуу конуш суу алдында калган. 18 миңден ашык адам көчүрүлгөн. Азыркы учурда калктын саны 108 миңден ашык адамды түзөт.
Зыяндардын ордун толтуруу маселеси Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин 1982-жылдын 30-декабрындагы №717 “Токтогул ГЭСинин суу сактагычынын алдында калган жерлерди жана эл чарбасынын объектилерин компенсациялоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө”, ошондой эле 1988-жылдын 13-сентябрындагы №327 “1988-1995-жылдарда чарбалык, социалдык-маданият курулушун өнүктүрүү жана Токтогул районунун калкынын жашоо шартын мындан ары жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомдору менен жөнгө салынган. Бирок аларда каралган иш-чаралар толук көлөмдө ишке ашырылган эмес.
Өздөштүрүүгө пландаштырылган 15,8 миң гектар айдоо жерлердин ордуна 6,3 миң гектары гана калыбына келтирилген, муну менен бирге аталган жерлер түшүмдүүлүгүнүн төмөндүгү менен мүнөздөлөт, чакан контурларда жайгашкан жана жетиштүү сугат суу менен камсыз кылынган эмес. Алардын ичинен 4,4 миң гектары насос станцияларын колдонуу менен сугарылат.
Мындан тышкары, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын калкын жана тоолуу жана сугат үчүн жараксыз (кунарсыз) жерлерге көчүрүү айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн кыскарышына, жашоо шарттарынын начарлашына жана социалдык инфраструктуранын жетишсиз өнүгүшүнө алып келген. Бир катар калктуу конуштарда социалдык инфраструктура объекттери (мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана башкалар) жок же алар азыркы талаптарга жооп бербейт. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу көйгөйлөрү сакталып калууда, бул жалпысынан райондун экономикасына олуттуу зыян келтирген.
Суу сактагычтын алдында калган Токтогул районунун түшүмдүү жерлерин жоготуудан келтирилген жылдык зыян (1995-жылдагы баада) болжолдуу түрдө 130,1 млн.сомго бааланат.
Алдын ала баалоолор боюнча, Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын курулушунан келтирилген материалдык зыян 2006-жылга карата болжол менен 2,51 млрд.сомду түзгөн. Ошол эле убакта районго келтирилген экологиялык зыян ушул күнгө чейин толук көлөмдө эсептелине элек.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, зыяндардын ордун толтурууну каржылоонун булагы болуп «Электр станциялары» ААКсынын Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебине ар жылдык чегерүүлөрү саналат.
1999-жылдан 2002-жылга чейин ар жылдык компенсациянын өлчөмү 16,8 млн.сомду түздү. Ал эми 2003-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилде ар жылдык компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү 43 млн.сомду түзгөн.
2016-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин ар жылдык компенсациянын өлчөмү 70,0 млн.сомду түзөт. Чегерүүлөр Токтогул ГЭСи иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк наркына ушул сумманы киргизүү менен, инфляциянын деңгээлине карата индексациялоону эсепке алуу менен Токтогул ГЭСинин чыгымдарынын эсебинен 70,0 млн.сом өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Бул өлчөм 10 жыл мурун белгиленген жана азыркы учурда заманбап экономикалык шарттарга, инфляциянын деңгээлине жана Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын ишмердүүлүгүнүн таасирине кабылган аймактардын калкынын иш жүзүндөгү муктаждыктарына жооп бербейт.
Бул мезгилдер аралыгында курулуш материалдарынын, жол иштеринин, коммуналдык жана социалдык инфраструктура куруунун, медициналык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасы, ошондой эле гидроэнергетикалык объекттерди эксплуатациялоонун терс таасиринин кесепеттерин жоюуга жергиликтүү бюджеттердин жана айлык маяна фонддорунун чыгымдары олуттуу түрдө өстү.
Натыйжада компенсациянын колдонуудагы өлчөмү өзүнүн реалдуу экономикалык баалуулугун жоготту жана ал белгиленген максаттарга жетүүнү камсыз кылбайт.
Мамлекет тарабынан айыл калкынын социалдык маселелерин чечүүгө, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ирригациялык объекттерди курууга жана реконструкциялоого багытталган комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгилөө керек.
Өзгөчө белгилей кетсек, 2011–2015 жана 2017–2026-жылдарга карата ирригация боюнча мамлекеттик программалардын алкагында жалпы каржылоо көлөмү 63,7 млрд сомду түзгөн социалдык жана экономикалык жактан маанилүү 68 объектти ишке ашыруу каралган. Ошол эле учурда, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында ирригациялык объекттерди куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлор аталган программаларга кирбей калган.
Ушуга байланыштуу, Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүү максатында сугат дыйканчылыгын өнүктүрүүгө, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган суу чарба объекттерин курууну жана реконструкциялоону караштыруу зарыл.
Ошону менен бирге, суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо республикалык бюджеттен олуттуу каржылык салымдарды талап кыларын белгилөө абзел. Алдын ала тизмеге ылайык, Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы “Кемпир-Өлдү” каналынын гана курулушу 340 млн.сомдон ашык каражатты талап кылышы мүмкүн. Чоң-Кайрак участкасына канал куруу болжол менен 290 млн.сомду талап кылат. Мындан тышкары, Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын Жылаңач-Булак жана Оот тилкелеринде СУБ (суткалык жөнгө салуучу бассейн) курууга болжолу менен 100 млн. сом керектелет.
Токтогул району жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылы боюнча долбоорлор ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына кирбей калгандыгына байланыштуу, каралган компенсациянын эсебинен объекттерди каржылоо жетишсиз болуп саналат.
“Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Жалал-Абад областынын Токтогул району жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылы мамлекеттик өзгөчө камкордукка алынган аймактар деп жарыяланат.
Токтогул ГЭСи жана Токтогул суу сактагычы Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн ирригация жана энергетиканын стратегиялык объекттери болуп саналат. Баарынан мурда, Токтогул суу сактагычы өлкөнүн стратегиялык гидроэнергетикалык ресурсу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономикасынын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон электр энергиясын иштеп чыгуу максатында Токтогул ГЭСтер каскадын жана Таш-Көмүр ГЭСтер каскадын суу менен камсыз кылат.
Токтогул ГЭСи жана суу сактагычы Нарын дарыясынын агымын көп жылдык жөнгө салуучу болуп саналат. Токтогул ГЭСи аркылуу агып чыккан суунун көлөмүнөн төмөн жакта жайгашкан бардык гидроэлектрстанциялардын иши түздөн-түз көз каранды: 1) Күрп-Сай ГЭСи; 2) Таш-Көмүр ГЭСи; 3) Шамалды-Сай ГЭСи; 4) Үч-Коргон ГЭСи.
Суу ресурстарын топтоо максатында Токтогул ГЭСи аркылуу суу коё берүүнү кыскартканда, төмөн жакта жайгашкан гидроэлектрстанциялар электр энергияны иштеп чыгарууну автоматтык түрдө азайтат, анткени аларда агымды жөнгө салуу жана суу топтоо үчүн өздөрүнүн ири суу сактагычтары жок.
Жогоруда аталган эки ГЭСтердин каскаддары республикада өндүрүлүп жаткан бардык электр энергиянын 90 пайыздан көбүн өндүрөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Токтогул ГЭСинин жана Токтогул суу сактагычынын таасир этүү зонасында жайгашкан калкка жана аймактарга келтирилген зыяндардын ордун адилеттүү жана тең ченемдүү толтурууну камсыз кылуу максатында, социалдык-экономикалык шарттардын өзгөрүшүн, инфляциянын өсүшүн, калыбына келтирүүчү, курулуш иш-чараларынын наркынын жогорулашын, ошондой эле Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын социалдык жана инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен, жылдык компенсациянын өлчөмүн 70,0 млн.сомдон 358,0 млн.сомго чейин көбөйтүү сунушталат.
Мыйзам долбоору менен жылдык компенсациянын өлчөмүн 70,0 млн.сомдон 358,0 млн.сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.
Кошумча каржылык жүк төмөнкүнү түзөт:
- компенсациянын колдонуудагы өлчөмү – 70,0 млн.сом;
- компенсациянын сунушталып жаткан өлчөмү – 358,0 млн.сом;
- көбөйүүсү – 288,0 млн.сом.
Каржылоонун булактары болуп Токтогул ГЭСтер каскадынын жана Таш-Көмүр ГЭСтер каскадынын чыгымдарына киргизилүүчү жана иштелип чыгуучу электр энергиясынын өздүк наркын калыптандырууда эске алынуучу «Электр станциялары» ААКсынын ар жылдык чегерүүлөрү саналат. Мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Компенсациянын өлчөмүн көбөйтүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын таасир этүү зонасында жайгашкан калкка жана аймактарга келтирилген зыяндардын кыйла адилеттүү ордун толтурууну камсыз кылууга;
- суу чарба жана ирригациялык объекттерди курууну жана реконструкциялоону, калкты суу менен камсыз кылууну, социалдык инфраструктураны жана инженердик тармактарды ж.б. каржылоонун көлөмүн көбөйтүүгө;
- жаңы жумушчу орундарын түзүүгө (айыл калкына жаңы сугат жерлерди оздөштүрүүдөн пайда болгон үлүштөрүн бөлүштүрүү аркылуу);
- айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө;
- жаңы сугат жерлерде айыл чарба кооперативдерин түзүүгө;
- жергиликтүү калктын миграциясынын деңгээлин төмөндөтүүгө;
- республикалык жана жергиликтүү бюджетке салыктык, салыктык эмес төлөмдөрдүн жана социалдык чегерүүлөрдүн жаңы булактарын түзүүгө;
- Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатуугө.
Сунушталып жаткан 358,0 млн.сом өлчөмүндөгү компенсация экономикалык жактан негизделген болуп саналат, келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун тең ченемдүүлүк принцибине жооп берет жана Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын ишмердүүлүгүнүн туруктуу таасирин сезип жаткан аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды туруктуу каржылоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
