УТРКнын журналистине кол салууга шектелген жаран кармалды
6 август

УТРКнын журналистине кол салууга шектелген жаран кармалды

УТРКнын «Телекүзөт» программасынын редакторуна кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя жарандардын кайрылуусу боюнча тартуу иштери жүрүп жаткан учурда болгон.

Бул факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, 1995-жылы туулган Т.Ж. кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.