Кеминде жылына 15 миң тонна эт өндүрө турган канаттуулар фермасы курулууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
6 август

Кеминде жылына 15 миң тонна эт өндүрө турган канаттуулар фермасы курулууда

Кемин районунда «Агро Куш Кемин» өндүрүштүк комплекси курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Күн мурун, 5-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.

Комплекстин курамына жаңы инкубаторий, бройлер тоокторун өстүрүүчү аянттар, саатына 30 тонна кубаттуулуктагы комбикорм заводу жана даяр продукцияны сактоочу муздаткыч кампа кирет.

Долбоор толук ишке берилгенден кийин компаниянын өндүрүш кубаттуулугу жылына 15 миң тоннага чейин жетип, комбикорм өндүрүү 115 миң тоннага чейин көбөйөт. Ошондой эле жергиликтүү фермерлерден жыл сайын 78 миң тоннадан ашык жүгөрү жана буудай сатып алуу пландалууда.

Эрлист Акунбеков долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн туруктуу рынок менен камсыздоого олуттуу салым кошорун белгиледи.