Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө жаңы тротуар куруу иштери жүрүүдө
Ош мэриясы
6 август

Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө жаңы тротуар куруу иштери жүрүүдө

Курманжан Датка көчөсүнүн Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаңы тротуар куруу иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, учурда бул тилкеде асфальт төшөө жумуштары аткарылууда.

Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте таанышты.

Аталган көчө шаардагы эл көп каттаган жолдордун бири болгондуктан, жаңы тротуарды куруу жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Учурда курулуш иштери атайын техникалардын жардамы менен жүргүзүлүп, этап-этабы менен уланууда. Иштер аяктагандан кийин шаар тургундары үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу жөө жүрүүчү жол пайдаланууга берилет.