Жалал-Абад облусунун үч районунан түзүлгөн “Биримдик кербени” Талас облусуна жетти
Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы жана Ала-Бука райондорунан түзүлгөн “Биримдик кербени” 5-августта Талас облусуна жетип, салтанаттуу тосуп алынды.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев катышты.
“Биримдик кербени” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп, анын катышуучулары улуттук кийимдерди кийип, ат үстүндө жүрүш жасап, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын жана бай маданий мурасын даңазалап келе жатышат. Алар өлкөнүн 40 районунан чогултулган ыйык булактардын суусун Ысык-Көл облусуна алып бара жатышат.
Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн бардык аймактарынын биримдигин, ынтымагын жана элдин руханий баалуулуктарын чыңдоо. Ар бир райондон алынган ыйык булактардын суусу Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган “40 уук – бир түндүк” аталышындагы салтанаттуу иш-чарада бир идишке бириктирилет.
“Биримдик кербени” 2026-жылдын 25-июлунан 2-сентябрына чейин өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып өтөт. Долбоорго 400дөн ашуун адам катышып, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ишке ашырылууда.
