Аксы районунун Сыны айылында жаңы метеп курулду
Курулуш министрлиги
6 август

Аксы районунун Сыны айылында жаңы метеп курулду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сыны айылында 375 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 178 миллион сомду түздү.

Мектептин курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын курулушу толугу менен аяктап, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 2996 чарчы метрди түзгөн заманбап мектеп курулду. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү жана бардык шарттары менен жабдылган спорт залы каралган.

Мектепти жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда. Натыйжада эки мөөнөттө 750дөн ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

Долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.