Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чанша шаарындагы таштандыларды кайра иштетүү комплексинин иши менен таанышты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чанша шаарына болгон иш сапарынын алкагында тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd.компаниясынын комплексине барды.
Бишкек шаардык делегациясын компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Даого кабыл алды.
Ишкананын өкүлдөрү делегацияга экскурсия өткөрүп, таштандыларды кайра иштетүүнүн технологиялык цикли, экологиялык көзөмөл системасы жана электр энергиясын өндүрүү процесси тууралуу кеңири маалымат беришти.
Комплекстин кубаттуулугу суткасына 10 миң тоннадан ашык тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө жетет.
Иш сапардын жүрүшүндө зыяндуу заттардын абага чыгарылышын тазалоонун заманбап технологияларына, өндүрүш процесстерин автоматташтырылган көзөмөлдөөгө жана калдыктарды коопсуз утилдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ишканага баруу Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүү комплексинин экинчи этабын ишке ашырууга даярдык көрүү алкагында практикалык мааниге ээ. Аталган долбоор да Junxin компаниясы тарабынан ишке ашырылууда.
Заводдун биринчи этабы суткасына 1000 тонна калдыктарды кайра иштетүүгө эсептелген. Экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага жетет.
Сапардын жыйынтыгында тараптар Чанша шаарынын тажрыйбасын Бишкекте калдыктарды кайра иштетүү жана экологиялык жактан таза электр энергиясын өндүрүү системасын мындан ары өнүктүрүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
