Бишкек жана Чанша шаарлары муниципалитеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөдө
20 сентябрь

Бишкек жана Чанша шаарлары муниципалитеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөдө

2026-жылдын 18–19-сентябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган Бишкек мэриясынын делегациясы Чанша шаарында өткөн Хунань провинциясынын соода-экономикалык кызматташтык жана боордош шаарлардын диалогу боюнча эл аралык форумуна катышты.

Иш сапардын негизги жыйынтыгы катары Бишкек жана Чанша шаарларынын мэрлери тарабынан боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө ниеттер каттарына кол коюлду.

Документте тараптардын экономика, инвестиция, шаардык башкаруу, инфраструктура, маданият жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыкчылыгы бекемделди.

Форумдун алкагында Айбек Джунушалиев Чанша шаарынын мэри Чэнь Бочжан менен жолугушту. Шаар башчылары кызматташуунун келечектүү багыттарын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри «Хунань ишканалары чет элдик рынокторго чыгууда» аттуу инвестициялык иш-чарада сөз сүйлөп, Кыргызстандын борборунун экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаары тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Иштиктүү программанын жыйынтыгында делегациянын өкүлдөрү Хунань провинциясынын Бишкек менен кызматташууга кызыкдар болгон ишканаларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Бул иш сапар боордоштук мамилелерди орнотууга жана биргелешкен демилгелерди практикалык ишке ашырууга өтүүгө багытталган маанилүү кадам болду.