Азия оюндары-2026: Дастан Каныбек уулу коло медалдын ээси
21 сентябрь

Азия оюндары-2026: Дастан Каныбек уулу коло медалдын ээси

Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Дастан Каныбек уулу коло медалга ээ болду.

Ал 60кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште Жапониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан.

Чейрек финалда Ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.

Бүгүн, 21-сентябрда ал Өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.