Азия оюндары-2026: Сыймык Жаныбек уулу коло медалдын ээси
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
21 сентябрь

Азия оюндары-2026: Сыймык Жаныбек уулу коло медалдын ээси

Японияда өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Ал беттештерди чейрек финалдан баштап, Иорданиялык Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңген.

Бүгүн, 21-сентябрда жарым финалда Бахрейндик Мухаммад Набиев менен беттешип, 3:0 эсебинде утулуп, үчүнчү орунга ээ болду.