Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасында медаль жана грамотага ээ болушту
Албаниянын Тирана шаарында 2026-жылдын 14–20-сентябрь күндөрү информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасы (BOI 2026) өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билдирет.
Эл аралык олимпиадага 75 окуучу катышып, информатика боюнча өз билимдерин жана алгоритмдик программалоо жөндөмдөрүн сынашты.
Кыргызстандын командасы олимпиадада 1 коло медаль жана 1 Ардак грамотага ээ болду.
Коло медаль - “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкаев. Команданын машыктыруучусу - Евгений Кичак.
Ардак грамота - “Акылман” Президенттик лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаев. Команданын машыктыруучусу - Медербек Осмонов.
Кыргызстандын командасын Медербек Осмонов жетектеп, команданын жетекчисинин орун басары Евгений Кичак болду.
