Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь

Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылды

Бишкекте №118 муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгынын жаңы видеосу жарыяланды. Бул окуя буга чейин социалдык тармактарда талкууланган.

Көзөмөл камерасына түшүп калган видеодон автобустун алдынан жеңил унаа күтүүсүздөн чыгып кеткенин көрүүгө болот. Анын кесепетинен коомдук транспорттун айдоочусу багытын өзгөртүүгө аргасыз болуп, автобус каршы тилкеге чыгып, андан соң жолдун четине чыгып кеткен.

Буга чейин социалдык тармактарда кырсык болгон жерден тартылган видео тараган. Анда автобустун өз тилкесинен чыгып кеткени жана алдыңкы бөлүгү жабыркаганы көрүнгөн.

Жарыяланган материалдардан кийин муниципалдык транспорт ишканасы кырсык болгон учурду чагылдырган видеону көрсөтүп, автобустун айдоочусу өз алдынча каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына себеп болгон деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барган.

Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.