Сүрөт ачык булактардан алынды
21 сентябрь
Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 2026-жылдын 11-сентябрынан 18-сенябрына чейин, алдын ала маалымат боюнча, 23 411 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинде:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 5 184;
- Мас абалында унаа каражатын башкаруу – 404;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 298;
- Автоээнбаштык – 46;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 1 856;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 630;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 993 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
