«Арашан» эл аралык рынокко чыгууда: Кыргызстанда асыл тукум койлорду өнүктүрүүгө арналган фестиваль өттү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
21 сентябрь

«Арашан» эл аралык рынокко чыгууда: Кыргызстанда асыл тукум койлорду өнүктүрүүгө арналган фестиваль өттү

2026-жылдын 19-сентябрында эт-май багытындагы «Арашан» асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чараны «Арашан» кой багуучулар ассоциациясы уюштуруп, ага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

Фестивалга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу катышып, мамлекет тарабынан асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө көрсөтүлүп жаткан колдоолор тууралуу маалымат берди.

Өз сөзүндө ал «Арашан» койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлер үчүн каралган 3 пайыздык жеңилдетилген насыя мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Ошондой эле «Арашан» койлорунун санын көбөйтүү, сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана эл аралык рынокко чыгаруу мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.

Илич Марсбек уулу фестивалдын катышуучуларына ийгилик каалап, мындай эл аралык иш-чаралар тажрыйба алмашууга, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана «Арашан» асыл тукум койлорун эл аралык рынокто таанытууга өбөлгө болорун белгиледи.