«Кыргызсериал» жана Spectra Media «Тайган-3» сериалынын тартуу иштерин баштады
21 сентябрь

«Кыргызсериал» жана Spectra Media «Тайган-3» сериалынын тартуу иштерин баштады

«Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси жана Spectra Media продакшн студиясы «Тайган» сериалынын үчүнчү сезонунун тартуу иштерин баштады.

«Тайган-3» криминалдык детектив жанрындагы окуяларды улантып, жаңы каармандар жана күтүүсүз сюжеттик бурулуштар менен көрүүчүлөргө сунушталат.

Тартуу иштеринин башталышына арналган иш-чарага «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин директору Эрмек Амантур уулу жана Кинематография департаментинин директору Талант Төлөбеков катышып, чыгармачыл топко ийгилик каалашты.

Учурда сериалдын тартуу иштери уланууда. Долбоор тууралуу жаңылыктар «Кыргызсериалдын» расмий социалдык тармактарында жарыяланат.