Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды 
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
21 сентябрь

Аксы районунда соода-логистикалык борбор ачылды 

Аксы районунун Кожо-Ата айылындагы «Бакча» айыл чарба кооперативине караштуу соода-логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Борбордун ачылышына министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова катышты.

Аталган борбор айыл чарба продукцияларын (мөмө-жемиш) сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ачылыш аземинде Рысгүл Акимжанова соода-логистикалык борборлордун аймактардагы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

«Бул борбордун ишке киргизилиши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Мындай долбоорлордун ар бири айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү кадам», - деди Р. Акимжанова.

Ошондой эле иш чарага Аксы райондук администрациясынын, айыл өкмөттөрдүн жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.