Кыргызстандын аймактарында социалдык коргоо мекемелерин куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдайт.
Социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 114 млн сом бөлүнгөн.
Муну менен катар жакынкы аралыкта Чоң-Алай жана Ноокат эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жаңы имараттарын куруу пландалууда. Учурда аталган башкармалыктардын адистери ар кандай ижарага алынган жайларда жайгашкандыктан, бул иш процессинде кыйынчылыктарын жаратууда.
Мындан тышкары, стационардык мекемелерде кызмат алуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жаңы имаратын курууга Турукташтыруу фондунан 138,4 млн сом багытталган.
Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул максаттарга 54,8 млн сом каралган.
Ошондой эле донордук каражаттардын эсебинен Ак-Суу психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесин оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган иштерди аткарууга 36 млн сом багытталган.
Министрликтин аймактык бөлүмдөрү үчүн да айрым иш-чаралар каралган. Тактап айтканда, Ош аймактык башкармалыгынын имаратын сырткы оңдоо иштери аяктады.
Министрлик бул долбоорлорду ишке ашыруу социалдык коргоо тутумундагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, социалдык кызматтарды алган жарандар үчүн кыйла ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталганын белгилейт.
Эмгек жана социалдык коргоо тутумунун социалдык инфраструктурасынын жаңы объекттерин каржылоо боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландалган мезгилге карата республикалык бюджетинин долбооруна киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык коргоо тутумунун объекттерин модернизациялоо максатында социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда.
