ЖИ мектептеги кодулоонун жаңы куралына айланды: азыр киберкуугунтуктоонун дээрлик төрттөн бири нейрондук тармактар менен байланыштуу
21 сентябрь

ЖИ мектептеги кодулоонун жаңы куралына айланды: азыр киберкуугунтуктоонун дээрлик төрттөн бири нейрондук тармактар менен байланыштуу

Аз убакыт мурда мектептеги кодулоодо катары  жалпы чатта жөнөтүлгөн кемсинтүүчү билдирүү же сүрөт каралчу. Эми өспүрүмгө ал эч качан айтпаган сөздөр таңууланып, анын атынан аккаунт түзүп же кадимки сүрөттөн бир нече мүнөттө жасалма видео жасоого болот.

Жасалма интеллект кибербуллингди бир топ өзгөрттү. Бир нече жыл мурун атайын көндүмдөрдү талап кылган куралдар бүгүнкү күндө смартфондун дээрлик ар бир колдонуучусуна жеткиликтүү.

Mutua Madrileña жана ANAR фонддорунун изилдөөсүнө ылайык, 2025–2026-окуу жылында Испанияда окуучулар билдирген кибербуллингдин 23,5%ында жасалма интеллект технологиялары колдонулган. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 14,2%ды түзгөн.

Изилдөөгө 236 мектеп жана лицейлерден 18 245 окуучу жана 412 мугалим катышкан.

Авторлор өзгөчө баса белгилешет: бул маалыматтар ЖИнин өнүгүшү мектептеги жалпы кодулоонун өсүшүнө себеп болгон дегенди билдирбейт. Бирок нейрондук тармактар буга чейин деле жасалган зомбулуктун куралына барган сайын көбүрөөк айланып баратканын көрсөтүп турат.

Сүрөт жалган видеого айланганда

ЖИнин эң кеңири таралган колдонулушу - башка окуучулардын сүрөттөрүнүн негизинде жасалма видеолорду жаратуу. Жасалма интеллект колдонулган кибербуллингдин 79,5%ында мындай ыкма кездешкен.

Дагы 57,5% учурда өспүрүмдөр үн билдирүүлөрүн жана аудио жазууларды өзгөртүү же жасалмалоо менен, ал эми 47,9% учурда жеке адамды санариптик алмаштырууга бет келишкен.

Өспүрүмдөрдүн сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөрүн жаратуу өзгөчө коркунучтуу. Бул үчүн кылмышкерге кээде социалдык тармактан алынган кадимки эле сүрөт жетиштүү болот.

Мындай сүрөттөр толугу менен жасалма болушу мүмкүн, бирок жабырлануучуга реалдуу кесепеттерин тийгизет.

АКШдагы ушундай учурларды изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектеп окуучулары эч убакта болбогон сүрөт нейрондук тармак аркылуу жаратылганын билишкенин кийин дагы, кызды шылдыңдоону же айыптоону уланта алышат.

Сүрөттүн жөн гана угуудан алда канча күчтүү кабыл алынышы көйгөйдү ого бетер курчутат. Кийинчерээк чындыктын ачыкка чыгышы биринчи таасирди дайыма эле жок кыла албайт.

Испаниялык изилдөөнүн маалыматы боюнча, жасалма интеллектти колдонгон кибербуллингдин курмандыктарынын 60,3%ын кыздар түзгөн.

Бирөө жөнөттү – бүт класс көрдү

ЖИ жасалма нерселерди жасоону жеңилдетти, ал эми социалдык тармактар аларды дээрлик заматта жайылтууга мүмкүндүк берет.

Изилдөөдө WhatsApp’та кибербуллингдин 78,4% эпизоду кездешкен. Андан кийин TikTok – 65,6%, Instagram – 50,4%, видео оюндары жана башка онлайн оюн платформалары – 46,4% болгон.

Мында кодулоону жасалма нерсени жасаган адам гана жайылтпайт.

Эгерде бир өспүрүм жасалма видео тартса, ал эми дагы жыйырма адам аны досторуна жөнөтсө, дал ушул жөнөтүүлөр бир окуяны массалык кемсинтүүгө айлантат.

Бирок сурамжылоого катышкан окуучулардын ондон үчкө жакыны классташын шылдыңдаган видеону башкаларга жөнөтүүнү туура эмес нерсе катары кабыл алышкан эмес.

Санариптик кодулоонун негизги көйгөйлөрүнүн бири ушул: өспүрүм жөнөтүүнү терс аракет катары кабыл албашы мүмкүн, бирок дал ушул нерсе аудиторияны жана жабырлануучуга келтирилген зыянды көбөйтөт.

Зордук-зомбулук сабак бүткөндө кошо бүтпөйт

Мектептеги кадимки чыр-чатак көбүнчө бала үйгө келгенде эле токтойт.

Кибербуллингде мындай чек жок.

Билдирүүлөр түнкүсүн келиши, сүрөттөр ондогон чаттарда жайылышы мүмкүн, ал эми бир аккаунттан өчүрүлгөн пост башка колдонуучулар тарабынан сакталып калышы мүмкүн.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча, кибербуллингдин эң кеңири таралган формасы ушак-айыңды жана жалган маалыматты жайылтуу болуп саналат – 71%. Физикалык агрессиянын эпизоддорун жазуу жана жарыялоо 59,5%, коркутуулар жана кемсинтүүчү билдирүүлөр – 54,2% учурларда кездешкен.

Кээ бир балдар үчүн бул айлап созулат. Кибербуллингге кабылгандардын 22,8%ы зордук-зомбулук бир жылдан ашык созулуп жатканын билдиришкен.

Ошондуктан улуулар баланын телефон менен канча убакыт өткөргөнүнө гана эмес, анын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө да көңүл бурушу маанилүү.

Капысынан эле мектепке баруудан баш тартуу, билдирүүлөрдөн кийин тынчсыздануу, аккаунттарды өчүрүү, телефонду колдонуудан баш тартуу, уйкунун начарлашы же экранды жашыруу аракеттери ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн, бирок аларды дароо эле "өспүрүм куракка" шылтоого болбойт.

Дипфейк пайда болсо, эмне кылуу керек

Баланын же ата-эненин биринчи каалоосу – уяттуу материалды дароо өчүрүү. Бирок ага чейин далилдерди сактап калуу маанилүү: билдирүүлөрдүн скриншотторун тартуу, аккаунттардын аталыштарын, жарыяланган күндөрдү жана материалдарга шилтемелерди жазып алуу.

Аларды тараткандар менен урушуп-талашуу арзыбайт. 

Аккаунттарды бөгөттөп, платформанын өз куралдары аркылуу аларга даттануу керек. Эгер кырдаал мектепке же классташтарга байланыштуу болсо, билим берүү мекемесинин администрациясына билдирүү зарыл.

Өзгөчө өспүрүмгө түшүндүрүү маанилүү: кимдир бирөө тарабынан жасалган жасалма сүрөт же видео үчүн ал уялбашы керек.

Аны жасаган жана тараткан адам жоопкерчилик тартат.

Мындайда мектептердин мушташ жана кадимки кемсинтүүлөргө каршы эрежелери жетишсиз. Дипфейктердин пайда болушу мектеп окуучулары классташтарынын жасалма сүрөттөрүн, үн жазууларын, видеолорун же аккаунттарын түзүп алган учурлар үчүн түшүнүктүү аракеттерди талап кылат.

Мугалимдердин өздөрү көйгөйдүн татаалдыгын моюнга алышат. Испаниялык изилдөөгө катышкан мугалимдердин 87,9%ы технологияны жана социалдык тармактарды ашыкча пайдаланууну мектептеги кодулоого алып келүүчү факторлордун бири деп аташкан. 84,6%ы ага каршы туруу үчүн убакыттын, колдоонун жана башка ресурстардын жетишсиздигин белгилешкен.

Жасалма интеллект мектептеги кодулоо үчүн жаратылган эмес. Бирок ал үчүн жаңы куралдарды берди.

Эми өспүрүм тарабынан бир нече жыл мурда жарыяланган бир эле сүрөт ишеничтүү жасалма видео жасоого жетиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан, бүгүнкү күндө балдардын санариптик коопсуздугу - бул жөн гана күчтүү сырсөз жана интернетте бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүгө тыюу салуу эмес.

Бул ошондой эле сүрөттү жасалмалоого, үндү көчүрүүгө, видеону окшоштурууга боло тургандыгын, ал эми башка бирөөнүн кемсинткен контентти таратуу да адамды кордогон окуянын катышуучусу кылаарын түшүнүү.

Мындай коркунучтарды тааный билүү, аларды жайылтууга катышпоо жана өз убагында жардамга кайрылуу - бул өспүрүмдүн интернетте коопсуз жүрүм-турумунун негизги көндүмдөрүнүн бири болуп саналат, бул балдар жана өспүрүмдөр арасында медиа сабаттуулукту өнүктүрүү жана киберзордук-зомбулукту алдын алуу долбоорунун милдеттерине туура келет.