Бишкекте Виктор Швембергердин мурасына арнаглан эл аралык конференция өттү
2026-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында «Балдар драматургиясынын классиги Виктор Швембергердин ролу жана орду – КМШ өлкөлөрүнүн тарыхындагы жана маданиятындагы кесиптик куурчак театрларынын негиздөөчүсү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты.
Конференция Москва куурчак театры жана Кыргыз мамлекеттик Муса Жангазиев атындагы куурчак театры тарабынан биргелешип уюштурулду. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан театр жетекчилери, режиссёрлор, педагогдор жана театр таануучулар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Виктор Швембергердин чыгармачылык мурасы, куурчак театрынын заманбап өнүгүү багыттары талкууланып, адистер арасында тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Ошондой эле лекциялар, мастер-класс, спектакль жана көргөзмө уюштурулду.
Виктор Швембергердин кыргыз куурчак театрынын өнүгүүсүндөгү орду өзгөчө белгиленип, анын 1945-жылы Кыргыз куурчак театрына келиши театрдын кесиптик өнүгүүсүнө маанилүү салым кошкону белгиленди.
Эл аралык илимий-практикалык конференция 20–23-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында уланат.
