Тармактык комитет ири инвестициялык долбоорлор үчүн жерлерди берүү маселесине байланышкан мыйзам долбоорун карады
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова белгилегендей, аталган мыйзам долбоору инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участокторун берүү маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле инвестордун инвестициялык милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуунун кошумча укуктук механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.
“Тагыраагы, алгачкы баскычта жер участогун 10 жылга чейинки мөөнөткө, андан кийин 25 жылга чейин узартуу менен берүү сунушталат. Ошол эле учурда эгерде инвестор инвестициялык келишимде каралган милдеттемелерди тийиштүү түрдө аткарса жана жер участогун андан ары пайдалануу зарылдыгы жаралса, жалпы пайдалануу мөөнөтү 50 жылга чейин болушу мүмкүн”, – деди министрдин орун басары.
Талкуу маалында депутат Эркеайым Сейтказиева сунушталган өзгөртүүлөр муниципалдык менчик боюнча мыйзамдарга карама-каршы келерин белгилеп, киргизилип жаткан ченемдер боюнча пикирин билдирди.
Өз кезегинде Беназир Нурланова аталган сунушту карап чыгышарын кошумчалады.
Ал эми депутат Алишер Козуев мыйзам долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук талкуунун алкагында канча жыйын өтүп, кандай сунуштар келгенине кызыкты. Министрдин орун басары мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн атайын порталга жайгаштырылганын айтып, бирок бир да сунуш келип түшпөгөнүн маалымдады.
Депутат Махабат Мавлянова сунушталган өзгөртүүлөр ири компанияларды гана колдоого багытталганын белгилеп, бардыгына бирдей колдоолорду көрсөтүүгө чакырса, депутат Алтынкуль Мурзакимова инвестор берилген жерди иштете албай калса, кандай жол менен кайтарып алууга болорун сурады. Ал эми Беназир Нурланова бул жааттагы жол-жоболор инвестициялык келишимде так жазыларын билдирди.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев бул жааттагы мыйзам долбоору 1992-жылы кабыл алынганына, 1999-жылы өзгөртүүлөр киргизилгенине токтолуп, баяндамачыларды мыйзам долбоору тууралуу туура түшүндүрүүгө үндөдү.
Депутат Айбек Алтынбеков мыйзам долбоору менен негиздемесиндеги мөөнөттөргө байланышкан айырмачылыктар тууралуу сөз кылып, мөөнөттөрдү так көрсөтүү керектигин сунуштаса, депутат Азамат Исираилов жергиликтүү ишкерлерге да жер маселесинде жеңилдиктерди берүү керектигине токтолду.
Жыйынтыктап жатып комитет төрагасы Кубанычбек Самаков аталган мыйзам долбоору калк арасында өзгөчө талкуу жаратып жатканын айтып: “Ошол эле учурда чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү да ачып, жалпы экономикабызды алдыга жылдырат деген үмүттөр чоң. Бирок бүгүн негиздемеден башка, берилген суроолорго жүйөлүү жооп бере алган жоксуңар. Натыйжада эл арасында туура эмес түшүндүрүлүп, ар кандай кептер айтылууда”, – деди.
Жыйынтыгында комитет айтылган сунуштарды эске алуу талабы менен мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берди.
