Шанхайда КР Соода-өнөр жай палатасынын жаңы өкүлчүлүгү ачылды
Шанхайда КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) жаңы өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.
Аземге СӨП президенти Темир Сариев катышты.
Шанхайдагы өкүлчүлүктүн ачылышы стратегиялык мааниге ээ. Шаар Кытайдын эң ири финансылык, технологиялык, өнөр жай жана логистикалык борборлорунун бири болуп саналат, анда алдыңкы кытайлык жана эл аралык компаниялардын штаб-квартиралары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан.
Соодадан биргелешкен өндүрүшкө өтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Буга чейин СӨП президенти Темир Сариев 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштаган. Шанхайда өкүлчүлүктүн ачылышы бул иштин практикалык уландысы болуп саналат.
«Биздин максатыбыз жөн гана Кытай менен сооданы көбөйтүү эмес. Биз Кытайдын технологиясын, инвестициясын жана өндүрүш тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүүнү каалайбыз, ошондо биргелешкен ишканалар, жумуш орундары жана жогорку кошумча нарктагы продукциялар түзүлөт. «100 кыргыз-кытай ишканасын түзүү демилгеси конкреттүү долбоорлор менен бекемделиши керек», - деп белгиледи Темир Сариев.
