Илбирс аткандарга 2 млн сом айып салынат: Мыйзамсыз аңчылыктын кесепеттери эскертилди
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору тарабынан бул жатта ыкчам рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
Ведомстводон кабарлашкандай, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүчө каралган:
- Илбирс – 2 млн сом,
- Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен – 1,5 млн сом,
- Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн – 50 миң сом,
- Ортоазиялык күндуз, мензбир сууру 20 миң сом каралган.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагынын «Кашка-Суу» жайлоосунда 1 (бир) баш тоо текеси мыйзамсыз атылгандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча тийиштүү протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде укук бузуучуга 12 500 (он эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө доо коюлуп, материалдар мыйзам чегинде кароого укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка (браконьерликке) каршы күрөшүү багытында үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүп турат.
