Азия оюндары-2026: Ырыскелди Дүйшеев финалда
Жапония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев финалга чыкты.
Ал беттештерди чейрек финалдан баштап, Палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген.
Бүгүн, 21-сентябрда жарым финалда Тажикстандык Бехруз Хуршедшоданы 3:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
