Бишкекте мас аял батирге кирип, үй ээсин сабап кеткен
Бишкекте аял үйүндө отурган учурда белгисиз аял батирге кирип, ага кол салганын билдирген.
Жабырлануучунун айтымында, ал шабыр үндү угуп, коридорго чыкканда белгисиз аялды көргөн. Анын айтымында, бейтааныш аял ага кол салып, башына жана көкүрөгүнө сокку урган.
Аялдын кыйкырыгына кошуналары келип, милиция кызматкерлери жеткенге чейин бейтааныш аялды кармап турушкан.
Арыздануучу окуядан кийин сумкасындагы акчасы жоголгонун билдирген. Ошондой эле анын айтымында, белгисиз аял MacBook ноутбугун жана банк карталарын алып чыгууга даярдап койгон.
Аял ошондой эле алгачкы териштирүүдөн кийин кармалган адам бошотулганын, анткени окуяда кылмыштын курамы жок деп түшүндүрүлгөнүн айткан. Андан соң ал Ички иштер министрлигине чара көрүү өтүнүчү менен коомчулукка кайрылган.
Кийинчерээк Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы арыз каттоого алынып, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдирди.
Милиция аялдын өздүгүн аныктады. Ал 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаран болуп чыкты.
Милициянын маалыматына караганда, окуя болгон учурда ал мас абалында болгон.
Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси — «Майда бейбаштык» боюнча протокол түзүлгөн.
Милиция М.А. кармалып, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин тактады.
Акчанын уурдалганы жана техника менен банк карталарын алып чыгууга аракет жасалганы боюнча жагдайлар расмий маалыматта өзүнчө такталган эмес.
