«Бишкек Аренанын» ачылышына 60 миңдей көрүүчү келери күтүлүүдө – билеттер акысыз
«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылышы 2026-жылдын 5-октябрында өтөт. Иш-чарага 60 миңдей көрүүчү келери күтүлүүдө.
Ачылыш аземинин алкагында стадиондо кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын катышуусунда масштабдуу шоу-концерт өтөт. Кирүү акысыз.
Акысыз билеттер ticket.gov.kg сайтында жайгаштырыла баштады. Биринчи этапта 10 миң билет жеткиликтүү.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, билеттер этап-этабы менен жана ар кандай санда ачылат. Бул иш-чарага көбүрөөк адамдын катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү максатында жасалууда.
Билет алуу үчүн бир ПИН – бир билет эрежеси колдонулат. Билетти өзүнө гана алууга болот, аны башка адамга өткөрүп берүү жана каттоодон кийин жокко чыгаруу мүмкүн эмес.
Кирүү үчүн алдын ала каттоодон өтүп, QR-билет алуу жана Face ID аркылуу идентификациядан өтүү зарыл.
Орундар сайтта акырындык менен ачылат. Уюштуруучулар билетти акыркы жолу тариздөөнүн алдында секторду жана орунду кылдат тандоону сунушташат.
Иш-чарага 7 жаштан жогору көрүүчүлөр киргизилет.
